Айтматов милиция ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүүнү кармады
20 ноябрь

Айтматов милиция ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүүнү кармады

2025-жылдын 6-ноябрында Айтматов РИИБге 35 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын август айынан декабрь айына чейинки аралыкта А. аттуу тааныш бала ишенимине кирип, олуттуу өлчөмдө акчаларды алдоо жолу менен ээлеп, керектүү учурларда насыя алдыртып, азыркы учурга чейин төлөбөй качып жүрөт деп билдирген. Натыйжада арыз ээсине 1 080 812 (бир миллион сексен миң сегиз жүз он эки) сомду түзгөн ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Айтматов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Айтматов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары, Айтматов районунун тургуну 1989-ж.т. М.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.