Оштун Кең-Сай конушунда ипотекалык турак жайлардын курулушу уланууда
Ош шаарынын Кең-Сай конушунда муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан 5 кабаттуу турак жайдын куруу иштер өз убагында жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мындан тышкары, аталган конушта Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан да көп кабаттуу турак жайларды куруу иштери үзгүлтүлүксүз жүргүзүлүүдө.
