Сүлүктүдө “Арсенал” операциясынын алкагында текшерүүлөр жүрүүдө
5 январь

Сүлүктүдө “Арсенал” операциясынын алкагында текшерүүлөр жүрүүдө

Сүлүктү шаарында “Арсенал” операциясынын алкагында текшерүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, рейд 5-7-январь күндөрү өтөт. Анын алкагында мергенчилик куралдарды текшерүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 3 административдик протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, курал ээлеринин каттоосу текшерилип, мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жарандарга эскертүүлөр берилди.