5 январь

Манас шаарынан Октябрь айылына чейинки темир жол алынып, ордуна автомобиль жолу курулат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругунун негизинде, Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмү тарабынан Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жол участогунун 406-чакырымынан 421-чакырымына чейинки бөлүгүндө темир жолду демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, бул иштер Манас шаарынын Т. Байзаков проспектисинен Октябрь айылынын Ормон Бий көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.

Аталган тилкеде поезд акыркы жолу 1998-жылы жүрүүсүн токтоткон, андан бери темир жол пайдаланылбай келген. Темир жолдун жалпы узундугу 15,4 чакырымды түзөт.

Темир жолду демонтаждоо иштерин 1-февралга чейин аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, демонтаждалган темир жолдун ордуна автомобиль жолу курулат.