Такси айдоочулардын лицензиясы 1-февралдан тартып текшериле баштайт
Кыргызстанда такси лицензиясын текшерип, рейд жүргүзүү 2-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, таксилерге лицензия берүүнүн мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыктан, айдоочулар бул убакытка чейин лицензия алышы керек.
“Лицензия алуунун мөөнөтү жакын калган күндү күтпөстөн эле алып алыңыз. 2-февралдан тартып рейд жүргүзүлөт. Учурда кезек жок, кызмат тез жана ыңгайлуу көрсөтүлүүдө. Такси кызматына лицензияларды берүү өлкө аймагындагы ЖКККБнын бардык бөлүмдөрүндө жүрүп жатат. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй – мөөнөт аяктоого жакын калганда элдин саны кескин көбөйүп, узун кезек жана ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.
