Туристтик коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары Ысык-Көлдө улантылууда
Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондун коопсуз өтүшүн камсыз кылуу максатында, Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик экология кызматы жана Бирдиктүү коопсуздук кызматы менен биргеликте рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Аталган иштердин алкагында, көл жээгинде уруксаат берүүчү документтери жок (судовой билет) иштеп жаткан скутерлер жана башка суу транспорт каражаттары аныкталып, колдонууга жараксыз же талаптарга жооп бербеген шаймандар жыйналып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Бул иш-чаралардын негизги максаты — жарандардын, эс алуучулардын жана чет элден келген туристтердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан учурлардын алдын алуу болуп саналат.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү коопсуздук талаптарын сактоого, уруксаат кагаздары жок техникаларды колдонбоого чакырат.
