Бишкекте кафедеги мушташ: эки жаран кармалды
2026-жылдын 2-январында саат болжол менен 03:33тө Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде мушташ чыккандыгы тууралуу «102» кызматына билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи текшерүү иштерин баштап, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Териштирүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери эки жаранды кармашты: М.А., 1992-жылы туулган жана С.Э., 1993-жылы туулган.
Аларга карата Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү.
Кармалган жарандар райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
