2025-жылы Өзбекстанда 3,6 тонна баңгизат кармалган
16 январь

2025-жылы Өзбекстанда 3,6 тонна баңгизат кармалган

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Баходир Курбанов Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйынында улуттук жана аймактык коопсуздукка байланыштуу актуалдуу коркунучтар жана аларды нейтралдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады.

Баяндамада өзгөчө көңүл баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшкө бурулду. Тактап айтканда, 2024-жылы 1,7 тонна баңгизат заттары алынган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 3,6 тоннага жеткен.

Баңгизат кылмыштарына тиешеси бар деп кармалган адамдардын саны 2600дөн 4500гө чейин көбөйгөн, ал эми жок кылынган жашыруун баңгизат лабораторияларынын саны 8ден 15ке чейин өскөн.

Курбанов белгилегендей, жаштар арасында синтетикалык баңгизаттардын жайылышы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. 2025-жылы өлкөдө 180 килограммдан ашык синтетикалык заттар, ошондой эле 1 миллиондон ашуун психотроптук дары-дармектердин дозасы алынган.