Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат
10 октябрь

Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет.

Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат.