Нарын облусунда 2024-жылы эки өзгөчө кырдаал катталып, чыгым 3 млн сомдон ашкан
Нарын облусунда 2024-жылы эки өзгөчө кырдаал катталып, чыгым 3 млн. 903 миң 990 сомду түзгөн. Мындай маалыматты КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Дыйканбаев Нарын облусунун Жарандык коргонуусунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери боюнча жыйында айтты.
Жыйынды КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды.
Дыйканбаев 2024-жыл ичи 2 өзгөчө кырдаал катталганын билдирди.
10-майда Ат-Башы районунда ылдамдыгы 24-27м/с жеткен катуу шамал 205 объекти, анын ичинен 194 турак-жай, 11 социалдык объект жабыркаган.
Ал эми Нарын районунун Куланак айылын каптаган сел-кыяндын кесепетинен 1 турак үйдүн ичине кирип, 41 турак үйдүн короосун, унаа жолдорду каптап, каналдар толуп, ички көпүрөнү жараксыз абалга алып келген.
2024-жылы даярдык пландын негизинде Жарандык коргонуунун облустук жана райондук башкаруу курамын, комиссияларын, кызматтарын, түзүмдүк болүктөрдү, объектилерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыгын жогорулатуу боюнча 63 окуу, машыгуулар өткөрүлгөн. 1950 жарандын жана кызмат адамдарынын практикалык иш аткаруудагы мүмкүнчүлүктөрү текшерилген.
