ЖК Юстиция министрлигинин юридикалык өкүлчүлүк боюнча мыйзам долбоорун кароодон баш тартты
Жогорку Кеңеш Юстиция министрлиги тарабынан демилгеленген “Юридикалык өкүлчүлүктөр жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда кароодон баш тартты.
Анын себеби – министрлик буга чейин депутаттар берген сунуштарды эске албагандыгы.
Депутат Кубанычбек Самаков КР Адвокатурасы тарабынан өлкөдөгү адвокаттарга басым жасалып, мажбурлап акча чогултуулар болуп жатканын буга чейин айтканын эске салды.
“Адвокаттар съезддин өткөрүүдө бир ууч топ адамдар коллегия кылып алып, калган адвокаттарды кыйнап жатканы тууралуу буга чейин айтып келгенбиз. Силер аны өзүнчө мыйзам долбоору кылып алып келүүнү макулдашканбыз. Бирок кайра эле баарын бир мыйзам долбооруна бириктирип алып келдиңер”, - деди Самаков.
Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров депутаттар адвокаттар съездинин мөөнөтүн узартуу сунушун бергенин, ага ылайык, мурда съезд ар жыл сайын өтсө, азыр 2 жылда бир жолу өтө турган болуп белгиленгенин билдирди.
Депутат Самаков андан башка дагы лицензирлөө, тестирлөө боюнча маселелер айтылганын, анын баары өзүнчө мыйзам долбоору болушу керектигин айтты.
Спикер Марлен Маматалиев Юстиция министрлигин “сөзгө турбоого” айыптады.
“Бул жактан биздин сунуштарга макул дейсиңер дагы, бирок аткарбайсыңар. Ар бир депутат менен иштегиле. Сөзүңөргө тургула да. Мыйзам долбоорун күн тартибинен алабыз. Кийинкисинде сөзүңөргө туруп келгиле”, - деди ал.
Спикер мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну добушка койду эле, көпчүлүк депутат колдоп берди.
