Баткенде жайлоодо 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлгөн. Шектүү изделүүдө
22 июнь

Баткенде жайлоодо 32 жаштагы жаран атып өлтүрүлгөн. Шектүү изделүүдө

Баткен облусуна караштуу Баткен районунда 32 жаштагы А.Е., аттуу жаран атып өлтүрүлгөн. Маалыматтык облустук милициядан тастыкташты. 

Каргашалуу окуя Ак-Сай айыл аймагындагы Кишемиш жайлоосунда 20-июнда болжол менен саат 00:30да болгон. 

Милициянын маалыматына таянсак, окуяга ошол эле райондун 61 жаштагы тургуну З.А., аттуу жараны шектелүүдө. 

Окуя Баткен РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жерине тергөө тобу барып, ок атуучу куралдын гильзасы жана патрон табылган.

Шектүү жаран учурда изделүүдө.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.