Чүй облусунда бир нече тоноо фактыларына шектелген жаш жигиттердин тобу аныкталды. Алардын бири кармалды
2025-жылдын 17-ноябрында Сокулук РИИБге Т.И. атту жаран арыз менен кайрылып, өткөн түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Сокулук айылынын Кайназаров көчөсүндө ага Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтогонун билдирген. Унаадан түшкөн үч белгисиз жаш жигит телефон «чалуу үчүн керек» деп суранган. Алар телефонду колго алган соң, жигиттердин бири арыз ээси Т.И.ни бет тарабына эки жолу ургулап, телефонун тартып алып, автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-беренесинин (Тоноо) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жарандардын бардыгын аныкташты. Алар: 2006-ж.т Ш.И., 2009-ж.т. Ж.Д., 2009 ж.т. К.Б. жана 2010-ж.т. А.Э. атту жарандар. Ал эми, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык, 2006-жылкы Ш.И. атту жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жарандардын дагы төрт окшош тоноо фактысына жана бир алдамчылык фактысына катышы бар экени аныкталды.
Тергөө уланууда. Анын жыйынтыгында бардык катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.
