Нарын облусунда жер титирөө катталды
19 ноябрь

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында 19-ноябрда саат 05:16да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан кабарлашты. 

Жер титирөөнүн очогу Ат-Башы тоо кыркасында, Өзгөрүш айылынан түштүк-чыгышка 11 км, Талды-Суу айылынан түштүк-чыгышка 15 км жана Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 40 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Өзгөрүш жана Талды-Суу айылдарында 3,5 баллга, ал эми Большевик жана Первомайское айылдарында 3 баллга сезилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.