
Жалал-Абад облусунун башчысы Тогуз-Тородогу соцобъектилерди кыдырды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Тогуз-Торо районундагы бир катар социалдык-экономикалык объектилердин абалы, жумуш ыргагы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөрдү билдиришти.
Анда райондун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында курулган №2 А. Абдраимов атынданы орто мектебинин ашканасы, Кара-Суу айылында кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоо максатында 6 млн сомго “АРИС” уюмунун көмөгү менен курулган тигүү цехи, жергиликтүү бийлик тарабынан Казарман айылына курулушу пландалган окуу жана соода борборунун долбоору менен таанышты.
Тилек Текебаев сунушталган курулуш долбоорун көрүп чыгып, анын көлөмүн кеңейтип, терең жана деталдуу пландаштыруу зарылдыгы белгиленди. Бул багытта тиешелүү сунуштар берилип, тапшырмалар коюлду.
Аны менен катар ыйгарым укуктуу өкүл Тогуз-Торо районунда заманбап билим берүү борборлорун ачуу зарылдыгын белгилеп, өзгөчө темир жол тармагына байланыштуу техникалык багыттар жана дүйнөлүк тилдер боюнча окутууну жолго коюу керектигин белгиледи. Бул иш-аракеттер балдардын келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп чыгышына өбөлгө түзөөрүн айтты.
Тилек Текебаев Каргалык айыл аймагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында салынып жаткан станциянын жана тоннель казуу иштерине карата даярдыктар менен таанышты.