Ош ОИИБ: Кара-Кулжада куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
4 январь

Ош ОИИБ: Кара-Кулжада куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда милиция кызматкерлери каттоодо турган куралы бар жарандардын курал сактоого жана алып жүрүүгө уруксат кагаздарын, ошондой эле сактоо шарттарын текшеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө тартип сакчылары тарабынан курал ээлерине үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, чыр-чатактын үстүндө куралды кармабоо, мыйзамдын талаптарын сактоо жана ар кандай кырсыктарга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, эскертме баракчаларды таратышты. Зарыл болгон учурда ички иштер органдарына өз убагында кайрылуу сунушталды.

Бул аракеттер коомдогу туруктуулукту сактоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.