ИИМ эскертет: баллондо (тюбингде) муз тебүү өмүргө коркунучтуу
Жаңы жылдык майрамдар – кызыктуу эс алып, убакытты пайдалуу өткөрүүгө эң ылайыктуу мезгил. Бул убакта, өзгөчө тоолуу аймактарда эс алганда, коопсуздук эрежелерин катуу сактоо маанилүү.
Баллон (тюбинг) менен муз тебүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу чоң. Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт.
Каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана жана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керек. Негизги коркунучтар:
- Жогорку ылдамдык жана көзөмөлдүн жоголушу. Тюбинг чанага салыштырмалуу кыйла ылдам жүрүп, аны башкаруу мүмкүн болбой, көзөмөлсүз кагылышууларга себеп болушу мүмкүн.
- Кагылышуу коркунучу. Дарактарга, таштарга, башка адамдарга же тюбингдерге урунуп кетүү, ошондой эле жолго чыгып кетүү ыктымалдыгы бар.
