Ошко мэри болуп кеткен Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашов депутат болду
19 февраль

Ошко мэри болуп кеткен Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашов депутат болду

КР Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, ал Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жанарбек Акаевдин ордуна келди.