Баткен: саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,3%ы добуш берди
Баткен облусунда саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,3%ы добуш берди. Тагыраагы, 11726 жаран шайлоого катышты.
Облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.
Аймакта жалпы 220 шайлоо участкасы иштеп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү башталды.
Ал эми чет мамлекеттерде жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында 100 шайлоо тилкеси түзүлдү.
