ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: эки саатта шайлоочулардын 4%ы добуш берди
Бүгүн, 30-ноябрда КР Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоолор Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүүдө.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматы боюнча, саат 10:00гө чейин шайлоочулардын 3,89% же 167 072 адам добуш беришкен.
Эскерте кетсек, 30 көп мандаттуу шайлоо округунда 460 талапкер ат салышууда, алардын ичинен 271 эркек жана 189 аял.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине шайлоого укуктуу 4 294 243 жаран киргизилген.
