Кызыл-Кыяда тоноочулукка шектелип 5 жаран кармалды
2025-жылдын 10-ноябрь күнү Кадамжай районунун 26 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, ошол күнү кечки убакта Кызыл-Кыя шаарынын түштүк тарабындагы талаа (понорама) аймагында ал 5 бейтааныш жаран тарабынан сабалып, “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана документтери тартып алынып, автоунаасынын айнеги сындырылганын билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Тоноочулук) менен кылмыш иши козголуп, Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсү тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары болгон 5 жарандын өздүгү аныкталып такталып, алардын ичинен 21 жаштагы Т.А. убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми 21 жаштагы А.А., 20 жаштагы О.А., 20 жаштагы М.Н. жана 20 жаштагы А.С. тергөөгө камсыздалып, учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары улантылууда.
