Бишкекте мыйзамсыз баңгизаттарды таратып жүргөн жарандар кармалды
15 январь

Бишкекте мыйзамсыз баңгизаттарды таратып жүргөн жарандар кармалды

2025-жылдын 31-декабрында «102» кызматына Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында белгисиз жарандар наркотикалык заттарды таратып жүрүшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКК кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган А.Н. жана 2006-жылы туулган А.Ы. аттуу жарандар кармалып, алар өз ыктыяры менен ичинде белгисиз зат бар, кара түстөгү изолента менен оролгон 36 даана түйүнчөктү өткөрүп беришкен. Аталган заттар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Көрсөтүлгөн кылмышка шектелип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык 2006-жылы туулган А.Н. жана 2006-жылы туулган А.Ы. аттуу жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.