КР ИИМ менен АКШ элчилиги коопсуздук тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 11-декабрда КР Ички иштер министрлигинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсүнө жана укук коргоо ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн директору Мелисса Кроуфорддун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Эл аралык кызматташтык Башкы башкармалыгынын жетекчилери жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде киберкылмыштуулукка, адам сатууга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы аракеттенүү жана транс улуттук коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу маселелерин талкуулашты. Бул багыттарда өнөктөштүктү чыңдоо жана тажрыйба алмашуу коопсуздук чөйрөсүндөгү биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү экендиги белгиленди.
КР Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирет.
