Төрөбаев жарандарга кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти жогорулатуу керектигин айтты
18 ноябрь

Төрөбаев жарандарга кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти жогорулатуу керектигин айтты

2024-жылдын 15-ноябрында Сокулук районунда Кыргыз мамлекеттик асыл-тукум заводунда заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, кызматкерлерге кайрылуу жасады.

Министрдин айтымында, айыл жергесинде жашаган калктын турмушун жакшыртуу – тармактагы кызматкерлердин негизги милдеттеринин бири.

“60 пайыз элибиз айыл жергесинде жашайт. Аларга жер да, суу да, үрөн да, кайра иштетүү да, вакцина да керек. Ар кандай суроолор менен бизге кайрылышат. Биз ошол суроолордун баарына ак ниет менен мамиле кылып, жардам берип жүрүшүбүз керек,” – деди Бакыт Төрөбаев.

 Министр дыйкандарга жана жөнөкөй жарандарга кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.

 “Кызматкерлер, ким келбесин – дыйканбы же карапайым адамбы – кабыл алып, жол көрсөтүп, маселесин аягына чейин чечип бергиле. Шартка байланыштуу акча бере албай калсаңар да, банкка, долбоорлорго, агрохолдингдерге багыттап, толук колдоо көрсөтүү зарыл,” – деди ал.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жөнөкөй элдин кирешеси көбөйсө, өлкөнүн маданияты да, билими да, экономикасы да өсөт.