Ошто үй-жайсыз адамдар үчүн кышкы баш калкалоочу жай ачылды
18 ноябрь

Ошто үй-жайсыз адамдар үчүн кышкы баш калкалоочу жай ачылды

Ош шаарында “Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек” муниципалдык мекемеси ачылып, иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Түнөк үйү 50 адамга ылайыкташып, кечинде бир маал ысык тамак берилет.

Дареги: Атабаев көчөсү, 3а.

Кененирээк маалымат алуу үчүн +996558955540 номерине кайрылсаңыздар болот.