Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат
18 ноябрь

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 602,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,5 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,8 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 14 пайызга азайган. Дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө Чүй жана Талас облустарынын чарбаларында дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү себеп болгон. Жалпы дан эгиндеринин түшүмүнүн 612 миң тоннадан ашыгы же 34 пайызы Чүй облусунун чарбаларынын үлүшүнө туура келди, анын ичинен  буудай 180 миң тоннаны же 35 пайызын , арпа 171, 5 тоннаны же 36 пайызын түзгөн.

Мындан тышкары, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу дандык жүгөрүнүн дүң жыйымы 7,9 пайызга, күрүч 17,0 пайызга, мөмө-жемиш 12,6 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 5,4 пайызга, жашылча 11,6 пайызга өскөн.