Бишкекте издөөдө жүргөн УКТнын активдүү мүчөсү кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш кылып качып кетип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.
Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам каттоосунда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган, Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты жаап жашыруу беренеси менен 2024-жылдын июль айынан бери издөөдө болгон.
Учурда кармалган жаран камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.