Бишкектин түштүк зонасында “Асанбай” паркында курулуш иштери жүрүүдө
11 декабрь

Бишкектин түштүк зонасында “Асанбай” паркында курулуш иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан “Асанбай” паркынын аймагында учурда курулуш жана жаңылоо иштери активдүү уланууда.

Учурда паркка жаңы форматтагы заманбап атракциондор орнотулуп, эс алуучулар үчүн инфраструктура кеңейтилүүдө. Белгилей кетсек, паркка шаардагы эң бийик айланма карусель орнотулууда.

Курулуш иштери бүткөндөн кийин “Асанбай” паркы борбор калаанын түштүк аймагындагы эң ири жана заманбап эс алуу жайларынын бирине айланаары күтүлүүдө.