Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Нарын облусунда жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 18-ноябрда саат 05:56да катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Нарын облусунда төмөнкүдөй сезилген:
- Орто-Саз айылы – 4 балл
- Нарын шаары – 3,5 балл
- Жан-Булак айылы – 3 балл.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
