Кыргызстанда акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталды
21 январь

Кыргызстанда акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 4;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 5;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 3.

Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.