
Жакында «Нарын» аэропортунун ачылышы болот
«Нарын» аэропорту өнүгүүнүн жаңы баскычына даярданууда, деп билдирет «Манас» аэропортунун маалымат кызматы.
Компаниядан билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жумушчу комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды.
Иш-сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Бул аэропорт алыскы региондор үчүн негизги транспорттук түйүн болгон советтик мезгилден бери узак тарыхка ээ. СССР тарагандан кийин анын активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калган.
Белгилей кетсек, «Нарын» аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө. Жакынкы келечекте расмий ачылышы пландалууда.