Комсомол – Барпы – Түрк-Абад автожолуна асфальт төшөлүүдө
19 октябрь

Комсомол – Барпы – Түрк-Абад автожолуна асфальт төшөлүүдө

Комсомол – Барпы – Түрк-Абад автожолунун жалпы узундугу 5 километр 400 метрди түзөт. Учурда жолдун 4 километр бөлүгү төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Жол куруу иштерине 15 самосвал, 2 каток, 1 асфальт төшөөчү техника, 3 экскаватор жана 10 жүк ташуучу унаа тартылып, 20га жакын кызматкер эмгектенүүдө.

Жолдун жаңыланышы аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган. Курулуштун жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө.