21-октябрдан тарта Бишкекте № 31 жаңы автобус каттамы ишке кирет
20 октябрь

21-октябрдан тарта Бишкекте № 31 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 21-октябрынан тартып Бишкек шаарында № 31 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.

Мэриядан кабарлашкандай, жаңы каттамда күн сайын 7–8 автобус жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Автобус каттамы «Ак-Жар» конушунан Ибраимов көчөсүнө чейин жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздайт.

Жаңы автобус каттамынын ишке кириши шаар тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, каттамдарды ыңгайлуу кылат жана шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.