Кадамжайда "Арсенал" рейдинин алкагында куралы бар жарандардын үйлөрү текшерилүүдө
Кадамжайда ушул жылдын 13-26-январь күндөр "Арсенал" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсү Майдан жана А.Масалиев айыл аймактарында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө куралы бар жарандардын үйлөрү текшерилип, атайын темир кутучада сакталып турган сайсыз ок атуучу куралдардын абалы көзөмөлдөнүп, алардын ар бирине мыйзамдуулукту сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткен бир жаранга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Милиция кызматкерлери иш-чаранын алкагында тейлеген аймагында жашаган жарандарга үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, киберкылмыштуулук, жана мал уурулук темаларында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
