
ЖКККББ Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата сынак жарыялайт. Шарттары
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жол эрежесине кайдыгер карабаган чыгармачыл, мекенчил жарандар арасында сынак жарыялайт.
Сынакта жарандарды жол эрежелерин сактоого чакыруу, жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын (айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн) арасында жолдо жүрүү маданиятын, сый-урматын калыптандыруу жана жол кырсыгы катталган учурда жарандарыбыз кайдыгер болбой, бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөгөн чакыруулар камтылат.
Сынакка даярдалган материалдар;
-ыр түрүндө;
-кара сөз түрүндө; (аңгеме, баяндама)
-видео тасмалар түрүндө (10 мүнөттөн ашпаган) кабыл алынат.
Сынакка жөнөтүлгөн материалдар мамлекеттик же расмий тилинде даярдалса болот.
Материалдарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын guobddmvdkr@gmail.com электрондук дарегине же (0709) 287290 “WhatsApp”, телеграмм номуруна 2024-жылдын 15-октябрына чейин, жөнөтүү зарыл.
Сынакка катышуучулардын жаш курактарына, ээлеген кызматтарына чек коюлбайт.
Жеңүүчүлөр 20-октябрга чейин калыстар тобу тарабынан аныкталып, мыкты деп табылган ыр саптардын, видео тасмалардын жана башка материалдардын авторлоруна ИИМдин ЖКККББгы тарабынан баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылат.