Ысык-Көлдө 31,2 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдары заманбап СИП зымдарына алмашты
27 сентябрь

Ысык-Көлдө 31,2 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдары заманбап СИП зымдарына алмашты

Кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдарын  реконструкциялоо иштери улантылууда. 

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, реконструкциянын алкагында 2024-жылдын 8 айында  31,2 чакырым  0,4 кВ эскирген  алюминий зымдары жаңы заманбап СИП  зымдарына алмашылды.

Ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин дагы 22,3 чакырым СИП зымдары орнотулат. Жалпысынан облус боюнча 2024-жылга  53,5 чакырым  СИП зымдарын орнотуу  иштери пландалган.

СИП зымдардын өзгөчө артыкчылыгы табигый факторлорго дуушар болбойт. Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларга жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жана  музга азыраак дуушар болушат.

Ошону менен бирге, реконструкциянын негизинде  1960-70 жылдары орнотулуп, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып бүтүп, авариялык абалда турган  685  эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды. Алдыда дагы 365 темир бетон мамыларын орнотуу пландалууда.