Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат
26 январь

Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат

Өлкөдөгү санариптештирүү саясатына ылайык, Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 миң акылдуу эсептегич орнотулду.

Ведомстводон кабарлашкандай, атап айтканда:

  • Сузак районунда — 34 711 даана;
  • Базар-Коргон районунда — 33 650 даана;
  • Майлуу-Суу шаарында — 7 165 даана;
  • Кара-Көл шаарында — 6 501 даана акылдуу эсептегич коюлду.

Ал эми 2026-жылы Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Алар Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө, ошондой эле Токтогул жана Ноокен райондоруна коюлат.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөдөн тышкары, электр жабдыктарын ашыкча жүктөмдөн жана бузулуулардан коргойт. Ошондой эле:

  • электр энергиясын алыстан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет;
  • эсеп-кысап иштеринде адам факторун азайтат;
  • керектелген электр энергиясы боюнча так жана ыкчам маалымат алууга шарт түзөт;
  • мыйзамсыз кошулууларды аныктоого жардам берет;
  • керектөөчүлөр үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу эсеп жүргүзүүнү камсыздайт;
  • электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга түрткү берет.

Бул иштер электр тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү ылдамдатып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.