Энергетика тармагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жолугушуу болуп өттү
Жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата коррупцияга каршы үгүттөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, Ички иштер министрлигинин демилгеси менен 2024-жылдын 5-декабрында Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти, Энергетикалык көзөмөл кызматы жана акционердик коомдор (КУЭТ, ЭС, КЭЭБ, Чакан ГЭС, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы) жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү.
Белгиленген отурумда иш-чаранын катышуучуларына Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иш-чаралары жөнүндө маалыматты Министрликтин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Аскеев Канат Шаршенбекович билдирди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын улук ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Шаршенбаев Уланбек Болотбекович сатып алуудагы товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдөгү потенциалдуу коррупциялык зоналар, ошондой эле акыркы 3 жылда козголгон кылмыш иштеринин кыскарышы боюнча статистикалык маалыматтар тууралуу айтты.
Ошондой эле ал энергетика тармагына жана мамлекетке зыян келтире турган мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө үчүн энергетика тармагындагы кадрларды тандоону күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Энергетика министринин кеңешчиси Бакешов Болот Асанканович мындай тарбиялык иш-чаралардын олуттуу артыкчылыктарын, анткени энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы орун алган көйгөйлөрдү системалуу түрдө талкуулоо кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, ошонун натыйжасында укук тартибин туруктуу сактоону камсыз кылаарын белгиледи.
Ушуга байланыштуу талкууулап, пикир алмашып, жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргеликте энергетика тармагындагы кызматкерлердин арасында коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандырууга багытталган жүргүзүлүүчү түшүндүрүү иш-чаралары улана тургандыгы белгиленди.
