Суу ресурстары министрлиги: УйЙжана кой этине баалды турукташтыруу боюнча кеңешме өттү
2025-жылдын 17-ноябрында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин жетекчилиги астында, онлайн форматтагы кеңешме болуп өттү.
Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды турукташтыруу маселелери каралды.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды.
Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү элди фермерлерден түз жеткирилген эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу тапшырмасы берилди.
