Талиева депутаттарды МинКабдын мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды: Бул элдин чөнтөгүнө кол салчу мыйзам!
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мамлекеттик жана мунициапдык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү, оптималдаштырууга жана бюрократияны азайтууга багытталган мыйзам долбоорун сындады.
Эске салсак, бул мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинети.
Депутат мыйзам долбоорундагы акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кайра кароо пунктуна токтолду.
“Мен абдан таң калып жатат. Силер өзүңөр чыгарган токтомго өзүңөр каршы чыгып жатасыңарбы? Өкмөттүн 637-токтомуна кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүн наркына эмнелер кирээри так жазылган. Анда айлык акы, чыгашалар, коммуналдык төлөмдөр, атүгүл оңдоо иштерине кетчү сумма да камтылган. Бир убактарда өкмөттө иштеп жүргөнүмдө стандартты киргизүү үчүн күнү-түнү иштегенбиз, ошондуктан бул боюнча маалыматым жакшы. Анан баары аныкталып турса, эмнени жакшыртабыз деп жатасыңар, бул эмне деген логика?” – деди депутат.
Ал мамлекет – коммерциялык дүкөн эместигин эскертти.
“Мамлекет эч убакта социалдык кызматтардан пайда көрбөшү керек. Мында чыгымдардын ордун толтуруу принциби гана иштөөгө тийиш. Мамлекет жарандарына справка береби же паспорт береби, элдин чөнтөгүнөн киреше жасабаш керек. Салыктык эмес кирешелер мыйзамында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жазылып турат. Максаты – киреше табуу эмес, кызматтын иштешин камсыз кылуу. Пайда табуу – бул бизнестики. Сиздер алып келген мыйзам долбоору – калктын чөнтөгүнө түз барып тие турган мыйзам. Элдин кызыкчылыгына каршы келет”, – деди Талиева.
Ал депутаттарды мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды.
