ИИМ мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча туруктуу ишин улантууда
Ички иштер министрлигине Бишкек-Ош автоунаа жолунда жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак нормасынан ашып кеткенине карабастан, аны каттабай, тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн айдоочулардан 1000 сомдон 5000 сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын туруктуу түрдө алып турушканы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул посттордон күн сайын 150-200гө чейин жүк ташуучу унаа өткөн.
