Бишкек – Күнтуу – Шопоков жолунда асфальт төшөө иштери уланууда
17 ноябрь

Бишкек – Күнтуу – Шопоков жолунда асфальт төшөө иштери уланууда

Бишкек – Күнтуу – Шопоков жолунда реконструкциялоо боюнча пландалган иштер кызуу уланууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Бүгүнкү күндө Бишкек – Күнтуу багытындагы жолдун сол тарабына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.

Ошондой эле, калган тилкеде асфальтка чейинки жумуштар жүрүп жатат.

Мындан тышкары, көпүрөнү оңдоо жана бордюр орнотуу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.