Чоро Сейитов: Азыр жашаган жер боюнча справканы домкомдор бербейт, аны “Түндүктөн” алыш керек
Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов санариптештирүүнүн алкагында, бир катар справкаларды алуу электрондук түргө өткөнүн, бирок көпчүлүк кайра эле эски жолго ыктап жатканын билдирди.
Ал депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, 2 жылдай убакыт мурда домкомдорго жарандарга жашаган жери боюнча справка берүүгө тыюу салышканын белгиледи.
“Мындай справканы МТУдан алышса болот. “Түндүк” тиркемесинен да ала алышат. Биз бул процедураны 2 жыл мурда чечкенбиз. Бирок кайра эле эл эски адат боюнча кайрылып жатышат. Мен коомчулукка кайрылат элем: бүгүнкү күндө бардык справкалар санариптештирилген. Ооба, айрым мектеп, бала бакчаларда азыр да кагаз түрүндөгү справка талап кылышат. Эгерде ошондой абалга туш келсеңиз: “Аны “Түндүктөн” алгыла, менден талап кылбагыла” – деп жооп бериңиз”, – деди Чоро Сейитов.
