Жалал-Абадда көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды
Жалал-Абад облусунда көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жалпысынан облустагы 87 эне "Баатыр эне" ордени жана 40 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланды.
Наамдар район, шаарлардын жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан жер-жерлерде салтанаттуу тапшырылды.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 10 миң 487 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлык менен сыйланган. Алардын ичинен 8 миң 815не “Баатыр Эне” ордени, 1 миң 672 көп балалуу энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылган.