Баткен облусу менен Индиянын ортосунда 126 млн сомдук долбоор ишке ашат
17 ноябрь

Баткен облусу менен Индиянын ортосунда 126 млн сомдук долбоор ишке ашат

Бишкекте бүгүн, 17-ноябрда «Баткен облусунун Лейлек районундагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун техникалык базасын түзүү жана инфраструктурасын жакшыртуу» долбоору боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.

Индия каржылаган гранттык долбоордун суммасы 126 млн сомду түзөт.

Мындан сырткары, тараптар Баткен облусунун аймагында, дарылык каситке ээ болгон баалуу ферула өсүмдүгүн өстүрүү жана кайра иштетүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.