Курулуш министрлиги: арыздарды онлайн берүүнүн тартиби
17 ноябрь

Курулуш министрлиги: арыздарды онлайн берүүнүн тартиби

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна онлайн арыз берүүнүн тартиби:

Алгач www.gissip.bb.kg шилтемеси аркылуу институттун сайтына киресиз.

Башкы беттен “Онлайн арыз берүү” баскычын басыңыз.

Андан кийин төмөнкү варианттардын бирин тандаңыз:

• Жеке адам
• Уюм
• Жеке ишкер

Бардык талап кылынган (* менен белгиленген) талааларды толтуруңуз:

• Телефон номери жана пароль
• Кызмат түрү (мисалы, инженердик изилдөө)
• Объекттин дареги жана кыскача түшүндүрмө
• Атыңыз, ИНН, байланыш маалыматы
• Паспорттун сериясы, номери жана берилген күнү

Соңунда маалыматтарды кайра карап чыгып, “Жөнөтүү” баскычын басыңыз.

Белгилей кетсек, телефон номериңиз жана паролуңуз менен жеке кабинетке кирип, арыздын абалын жана жыйынтыгын көрө аласыз.

Эгерде суроолор болсо-сайттагы “Байланыш” бөлүмү аркылуу институттун кызматкерлери менен байланышсаңыз болот.