Бишкекте ШКУнун алкагында заманбап баңги коркунучтарына каршы аракеттенүү чаралары талкууланды
2026-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу компетенттүү органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү.
Өзгөчө көңүл синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, прекурсорлордун жайылышына, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүндө жана баңгиден түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууда санариптик технологияларды, онлайн-платформаларды жана криптовалюталарды колдонуу маселелерине бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгында тараптар 2030-жылга чейин синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы аракеттенүү жана баңгизатка көз карандылык менен күрөшүү боюнча ШКУнун программаларынын долбоорлорун колдошту, «Тор» аталышындагы эл аралык баңгизаттарга каршы операцияны өткөрүү планын бекитишти, ошондой эле Кыргыз Республикасында «Баңгизатсыз дүйнө үчүн» акциясынын алкагында Эл аралык конференция өткөрүү маселесин талкуулашты.
