Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу
17 ноябрь

Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

2025-жылдын 46-жумасында (10–16-ноябрь) республика боюнча 7966 учур КРВИ жана сасык тумоо катталды (илдеттенүү көрсөткүчү – 110,3). Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу (45-жума – 94,0) 17,3% көп.

Ооругандардын 65,5% – 14 жашка чейинки балдар (5216 учур). Бардык катталган учурлардын ичинен 8,5% (679 адам) ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар (ТОРИ) жана сасык тумоого окшош оорулар (ГПЗ) боюнча дозордук көзөмөл уланууда.

46-жумада алынган үлгүлөрдүн ичинен:

  • Грипп А/H3N2 – 16 учур,
  • Грипп В – 1 учур Ош жана Бишкек шаарларында аныкталды.

Республиканын бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарында 46-жумада окуучулардын ОРВИден улам сабакка барбоо деңгээли 3,2% түзүп, сезондук нормада калууда.

Эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг улантылууда.