Ош шаарындагы Арзыкулов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилди
Бүгүн, Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда жол ачылды.
Арзыкулов көчөсүнүн жалпы жолдун узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп жол 2 тилкелүү болуп оңдолду. Бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду.
ул Биштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө келип, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасынын негизинде аткарылды.
Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жасалды.
