Бишкектин айрым аймактарында 20-ноябрда таза суу жок болот
17 ноябрь

Бишкектин айрым аймактарында 20-ноябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 20-ноябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – М. Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.

"Бишкексууканал" МИси жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана уюмдарды керектүү көлөмдө ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.